Теке 06, 2024
Убакыт: 09:42
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Кыргызстан бажы жана салык линиясы боюнча 10 миллиард сом жоготууга учурады

29.04.2020 13:20
935
Кыргызстан бажы жана салык линиясы боюнча 10 миллиард сом жоготууга учурады


Кыргызстанда кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат. Мисалы бажы жана салык линиясы боюнча 10 миллиард сомго жакын акча алынган жок. Мындай пикирин 29-апрелдеги брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.


"Бажы линиясындагы төмөндөө биринчи кезекте чек аранын жабылышына байланыштуу жүрүүдө. 2020-жылга карата пландар боюнча 45-50%га төмөндөө болду. Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан. Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70 пайызы Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес. Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл", - де
ди Асрандиев.


Анын айтымында, бюджеттин корголгон беренелерине – пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга, айына 7,5 миллиард сом сарпталат.


"Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду", - деп кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн