Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бажылык башкарууга маалыматтык система киргизүү пландалууда

03.06.2020 15:24
1180
Бажылык башкарууга маалыматтык система киргизүү пландалууда

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн бажылык башкаруусуна ASYCUDA маалыматтык системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Программалык продуктуну киргизүүнүн тажрыйбалык кадамдары 2020-2022-жылдар аралыгында өкмөттүн аппаратынын жана КР премьер-министрине караштуу салыктык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин координациясында ишке ашырылат. Бул үчүн башка, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө колдонуу тажрыйбасы изилденди.

Система товарларды 100% электрондук ыкма менен декларациялоого шарт түзүп, улуттук/аймактык транзитке натыйжалуу көзөмөлдү жана мониторингди камсыздайт, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү колдойт, бажы статистикасын онлайн режиминде түзөт.

Адистердин айтымында, ASUCYDA маалыматтык системасы колдонулган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, тагыраагы 95 өлкөдө бажылык башкаруудагы оңдуу жылыштар айкын болуп саналат.


Маалымдама: ASUCYDA – бажы маалыматтарын иштетүүнүн автоматташтырылган системасы, БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын эксперттери тарабынан товарларды бажылык тариздөө убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык сооданы жеңилдетүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Система дүйнөнүн 95 өлкөсүндө колдонулат жана дүйнөнүн 25 тилинде иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн