Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматкерлери бажы төлөмдөрүнөн качуу фактыларын аныктады

05.04.2024 14:15
170
Бажы кызматкерлери бажы төлөмдөрүнөн качуу фактыларын аныктады


Кыргызстандын бажы кызматкерлери бажы төлөмдөрүнөн качуу боюнча эки фактыны аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

"Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда Э.Б.Х. аттуу Өзбекстандын жараны башкарган "MERCEDES-BENZ ATEGO" жүк ташуучу унаасын текшерүүгө алышкан. Бул унаа Казакстандан Кыргызстандын аймагына бара жаткан.

Берилген документтерди текшерүүдө бул унаа Казакстанда Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык катталганы аныкталган.

Ушундай эле факты КР жараны Т.Ш.Б.нын башкаруусундагы 2005-жылы чыгарылган "MERCEDES-BENZ ATEGO" үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда да аныкталган.

Казактсандын Бурабай протоколунун 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Казакстан ташып кирүү бажы алымдарын жеңилдетилген чен боюнча төлөө менен Казакстандын аймагына киргизилген товарларды ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылат.

Мурда төлөнгөн бажы төлөмдөрүн эсепке алуу менен эки товарды "Ички керектөө үчүн чыгаруу" жол-жобосуна жайгаштыруу учурунда төлөнүүчү бажы алымдарынын суммасы 1 млн 172 миң 558 сомду түздү.

Фактылар тиешелүү кызматта каттоого алынып, чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн