Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бек Борбиев COVID-19 илдети менен 7-8 күн алышып, сакайды (видео)

08.07.2020 15:29
1502
Бек Борбиев COVID-19 илдети менен 7-8 күн алышып, сакайды (видео)

 

Ырчы, обончу Бек Борбиев COVID-19 илдети менен ооруп, 7-8 күн алышкан. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.


Бүгүнкү күндө оорудан сакайып калганын билдирген Бек Борбиев мекендештерин дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

“Албетте, оор жоготуулар болуп жатат. Аларды көрүп, уккандан кийин өзүңдүн тагдырың дагы ойлондурбай койбойт. Бул оору көп баалуулуктарды ордуна коёт экен. Денедеги вирустардан арылуу жана дарыгердин айткандарын аткаруу менен алек болушубуз керек. Паникага алдырганда оору кайра күчөйт экен, ошондуктан достор, дүрбөлөңгө түшмөй жок”, - деп кайрылды Бек Борбиев.


Ал тойлордо жана концерттерде жолугушчу күндөр али алдыда экенин кошумчалады.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн