Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бек Борбиев иликтөөчү журналисттерге эмнени иликтеш керек экенин айтты

22.04.2021 17:11
1304
Бек Борбиев иликтөөчү журналисттерге эмнени иликтеш керек экенин айтты


Менин жеке пикирим уу коргошун боюнча. Мен эки жумадай ичкем ал дарыны, билем. Врачтын өтө дыкат көзөмөлү  жок, соо киши да аркы дүйнөгө  узап кете бериши турган иш, абдан кооптуу. Макул, өзү айткандай коопсуз болсо дагы, тиешелүү мед уюмдардан тастыкталбаган дарыны элине сунуштоосу бул кечирилгис кылмыш.  Андан беркиси уят болдук дүйнөлүк аренада. Өзгөчө жаңы келген бийликти жер каратты, "кайдагы көчөдө жүргөн чала табыпты өкмөт мүчөсү  кылып алышыптыр" деп... Министр отставкага элден кечирим сурап кетүүсү керек. Эгерде баягы күнкү эл алдында сүйлөгөн сөзү, пресса айтып жаткандай адамдардын өлүмүнө алып келсе, сот алдында жооп берүүсүн күтөбүз.


Ал эми казино боюнча... Биздин жарандар ал жерге кирип ойной албаган соң, бизге эч кандай зыяны жок деп эсептейм. Ал эми мамлекеттибизге пайдасы зор экени талашсыз. Чынын айтсак казино оюнуна кызыккан биздин акчасы аз жарандар (бизден барайынбы барбай эле койсомбу деп сурабай эле) Алматынын жанындагы Капчыгайга барып, кумарын кандырып келип жүрүшөт. Ал эми акчасы алардан көптөр Макао, Америкага чейин учуп жүрүшөт, аны деле билебиз. Жана дагы деле бара беришери айдан ачык. Бийликтин бул чечиминен мен зыяндуу эч нерсе көргөн жокмун.


Ал эми бул жоругуңар арам деп кыйкырып аткандарга... Сойкулукту жоюп албайлыбы өлкөбүздө, ушул жөнүндө да бир кыйкырып койбойсуздарбы. Сойкулардын көптүгүнөн алар сыртка чыгып, Турция, Россия, өзгөчө Москванын сойку базарларын басып алган деген маалыматтар жүрөт. Изилдегич журналисттер ушул көйгөйдү изилдеп, элге ачыктаса болот эле.


P. S. Баса, Өзгөндү кайсыл облус экенин билбеген өкмөт мүчөсүн  эмне кармап олтурасыңар? Демек, кадр саясатыңар чын эле мышык ыйлай турган абалда экен. Өтө уят.


Бек Борбиев

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн