Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бекбосун Бөрүбашев: Жогорку Кеңештин шайлоосун артка жылдыруу мыйзамдуу болду

23.10.2020 09:38
549
Бекбосун Бөрүбашев: Жогорку Кеңештин шайлоосун артка жылдыруу мыйзамдуу болду


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-декабрга дайындаган парламенттик шайлоону артка жылдыруу боюнча депутаттардын чечими мыйзамдуу. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, буга 2011-жылы кабыл алынган мыйзам жол берет.


“Юридикалык жактан жактан карасак 2011-жылы “Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө” мыйзам эл өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган. Демек, парламент өзү кабыл алган мыйзамдарды, актыларды токтотуп койгонго акысы бар. Бул юридикалык жактан эч кандай карама-каршы келбейт”, - дейт ал.


Эскерте кетсек, буга чейин айрым юристтер 22-октябрда  депутаттар тарабынан кабыл алынган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамды Баш мыйзамга каршы келет деп чыккан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн