Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бекдөөлөт, бандит болуп кетпе!

24.12.2020 10:04
545
Бекдөөлөт, бандит болуп кетпе!


Дүйшөн Төрөкулов (Душка) мэрияны басып алганда көпчүлүк жетекчилердин карааны көрүнбөй калган. Көпчүлүк санаалаштар качып ийгенин жашырбайм. Бирок бул көрүнүш үчүн аларды күнөөлөбөйм.

Ошол убакта Бекдөөлөт коркпой, сатпай, танбай жүрдү. Бул Сарыбашов үчүн жанын берет дегендик эмес. Адамдык сапат, командага бектиги, өзүнүн жетекчи катары да принциби бар экенин көрсөтүп турат. Бирок ушул сапаты үчүн же кызматы үчүн спорт комитетке келген жок. Болгону акыркы окуяларда аталган сапаттар өтө керек экенин түшүнүп турабыз. Өсө турган жигит. Албетте бандиттерге аралашып кетпесе эле. Убактылуу конкурска чейин спорт комитетти башкарат. Конкурстан өтсө улап кетет. "Спортсмен" десе эле "түгөп бүткөн адам" деп эсептебейли. Спортчулардын туруктуулары, билимдүүлөрү, изденгендери көп. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, элибизге дух берип жүргөндөрү толтура. Бекдөөлөт да ошолор сыяктуу спортчу, жогорку билимдүү бала. Шаарда чоңойгон, спорт тармагын жакшы эле түшүнгөн жигит. Кыйратып ийет дегенден алысмын, бирок уят кылбашына ишенем. Азыр саткынчылык, кошоматчылык "жайнап" аткан убакытта Бекдөөлөтгө окшогон жигиттерди командага кошуп, иштетсенер болот. 29 жашта экен. Дем берели.

Ии баса, Бекдөөлөт мен үчүн авторитет эмес. Болгону туруктуу, өз аракети менен өсүп келе жаткан адам катары билем. Ишиңе ийгилик!

Айтылган сындарды өзгөртүү үчүн тынымсыз иштешиң керек. Сындаган адам, жакшы жакты да көрүп, мактай да алат. Журналисттер ар дайым жакшы болсун, туура болсун деп маселени көтөрүшөт.

Сураныч, уят кыла көрбө!

Азамат Абсаттаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн