Президенттин, премьер-министрдин жана депутаттардын айлыгын жашоо минимумуна түшүрүү долбооруна бут тосуу болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, сунушталган мыйзам долбооруна атайын тоскоолдук болууда.
"Бул мыйзам долбооруна экинчи жолу тоскоолдук жасап жатат. Биринчисинде Жогорку Кеңештин төрагасы өзү аппараттын жетекчисине айтып, мыйзам долбоорун токтоткон. Бул жолу да ошол эле көрүнүш кайталанып жатат. Спикер жана анын адамдары мыйзамды бузуп, талкууга чыгарбай жатат",- деди Дастан Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн