Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орхан Инандынын Түркияга атайын операция менен Түркияга алынып келингени боюнча социалдык тармактагы баракчасына өз пикирин жазды.
"Шерменде, шерменде, шерменде! Орхан Инандынын берилиши боюнча эрте-кеч азыркы бийликке карата кылмыш иши козголот. Бул иш Азиз Батукаевди өткөрүп берген сыяктуу. Бүгүн бийлик аларды эч ким жоопкерчиликке тартпайт деп ишенимдүү отурат. Бийлик түбөлүктүү эмес",- деп билдирүү калтырган Бекешев.
Эске салсак, 5-июль күнү кечинде Түркия президенти Эрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып келингени боюнча билдирүү жасаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн