Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бекешев майып жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүнү сунуштады

27.05.2020 13:58
1034
Бекешев майып жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүнү сунуштады


Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Демилгечи белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ар түрдүү чөйрөлөргө кирүү шарттарын камсыздоо, ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын реестри түрүндө электрондук маалымат базаларын түзүү максатында даярдалган.


Тилекке каршы инфратүзүмдөр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ылайыкташкан эмес. Андыктан мыйзам долбоору аркылуу Инфратүзүмдүк кеңеш түзүү сунушталган. Анда ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран тууралуу бардык маалыматтар камтылат” - деди депутат Дастан Бекешев.


Ошондой эле депутат аталган реестрдин негизинде өкмөт өзүнүн социалдык саясатын мерчемдей алышы керектигин кошумчалады.


Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков мыйзам долбоорун колдоп, курулуш жүргүзүп жатканда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү милдеттендирип, аны Мамэкотехинспекция тыкыр көзөмөлдөшү керектигин белгиледи. Андан тышкары, коомдук унааларда бул багытта көйгөй көп экенине токтолду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн