Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бекешев "Мегакомду" сатууну сунуштады

10.12.2020 16:39
1056
Бекешев "Мегакомду" сатууну сунуштады


10-декабрда депутаттар республиканын 2020- жана 2021-жылга бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Анда эл өкүлдөрүнүн суроолоруна премьер-министрдин милдетин аткарган биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү жооп берип жатышат.


Жыйында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик компания аталган “Мегакомду” сатууну сунуштады. Megacom” компаниясын саталы, ал мамлекеттик орган катары бекерчилерди жумуш менен камсыз кыла албайт”, – деди Дастан Бекешев.


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун айтымында, учурда өкмөттүн 2021-жылга иш-чаралардын программасы даярдалууда, анын ичинде мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү боюнча маселелер да каралган.


Программа аяктагандан кийин биз сунуштарды киргизебиз”, – деди премьер-министрдин милдетин аткараган биринчи вице-премьер-министр.


Дастан Бекешев мамлекеттик ишканаларды кадр маселесин чечүү үчүн колдонууга болбой турганын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн