Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дастан Бекешев: VII чакырылыштын депутаттары азыркыдан да алсыз болот

10.08.2020 10:59
1048
Дастан Бекешев: VII чакырылыштын депутаттары азыркыдан да алсыз болот


Парламенттик шайлоодо эч ким күтпөгөн партиялар Жогорку Кеңешке келип калуусу мүмкүн. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

 

Анын айтымында, күзүндө орун алуучу парламенттик шайлоодо күтүүсүздүк жана акча көп нерсени чечет. 


"Саналуу гана күндөр калды жана саясий партиялар депутат болгонго талапкерлердин ысымдарын аташат. Идеалдуу тизме эч кимисинде болбойт. Негизи эле идеалдуу эч нерсе болбойт. 


Бул шайлоонун мурункулардан айырмасы, күтүүсүздүк көп нерсени чечип, парламентке эч ким күтпөгөн партия барып калуусу мүмкүн. Бирок акча өз ишин кылат – буга чейин бир да партия акчасыз парламентке барган эмес.


Чоң партияларга чоң акчалар керек – жарнамаларга, үгүт иштерине, ЖМКларга, активисттерге, штабдагы кызматкерлерге жана башка чыгымдар бар.  Шайлоо улам кымбаттап жатат, андыктан абройлуу бирок акчасыз адамдарга алдыңкы тизмелерге кирүүгө улам мүмкүнчүлүк азайып жатат. Аброй менен чыгымдарды жаба албайсың, андан сырткары эч ким бекер иштегиси келбейт.   


Эч кандай романтизм жок, андыктан VI-чакырылышты али жакшы сөздөр менен көп эскересиңер”, – деп билдирүү калтырган Бекешев.



 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн