Жекшенкулов Беккул Аликбекович Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташуу жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка борбордун мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Беккул Жекшенкулов буга чейин жеке секторлордо жана эл аралык уюмдарда эмгектенип келген.
Беккул Жекшенкулов Кыргызстандын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн