Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бекназар Базаралиев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

07.02.2024 12:36
150
Бекназар Базаралиев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды


Бекназар Базаралиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы дайындалган орун басарды президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркинбаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев Бекназар Базаралиевдин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Бекназар Базаралиев эмгек жолун 2006-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында катардагы адис болуп баштаган.

2024-жылга чейин министрликке караштуу мекемелерде иштеп, бөлүм башчыдан тарта бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн