Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка эмне үчүн чакырылганын АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке өзү сүйлөшүү үчүн чакырган.
"Мен 20-октябрда президенттин Кемпир-Абад боюнча жыйынына катышайын дегем. Бирок мени УКМКга чакырышты. Ал жерде Камчыбек Ташиев өзү сиз менен сүйлөшөт дешти. Бирок ал келген жок. Ошону менен мен президенттин жыйынынан да кеч калдым",- деди Бекназаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн