Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 12:28
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Маркум Бексултан Жакиевдин өмүр жолундагы урунттуу учурлар (фото)

25.04.2021 14:14
2180
Маркум Бексултан Жакиевдин өмүр жолундагы урунттуу учурлар (фото)

Кыргыз Республикасынын эл баатыры, белгилүү драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты. Көзү тирүү боло турганда быйыл тоголок - 85 жылдык юбилейин белгилеп калмак экен. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги баатырдын өмүр жолундагы урунттуу окуяларды, жай турмушу жана кыргыз маданиятына калтырган изи, чыгармачылыгы тууралуу маалыматтарды сунуш кылат.

 

Бексултан Жакиев эң мыкты драмалары менен катар көркөм, прозалык чыгармаларды да жаратуу менен кыргыз коомчулугуна эле эмес, Борбор Азия элдерине да таанылган. Тарбиялык жагынан терең мазмунду камтыган “Атанын тагдыры” пьесасын 20 жашында жазып, калың журтка аттын кашкасындай тааныла алган. Бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык ирет коюлса, боордош казак элинин сахнасында 400дөн ашык тартууланган. Дал ушул эмгеги менен чыгармачылыкка, өзгөчө драма жанрына сүңгүп кирип, бүгүнкү күнгө чейин күжүрмөндүк менен талыкпай эмгектенип келген.

 

Бексултан Жакиевдин балалыгы. Ал Улуу Ата Мекендик согуштан мурдараак - 1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келип, чоң атасы Абийир аксакалдын колунда чоңоёт. Чоң энеси дайыма небере-чөбөрөлөрүнүн бирин жонуна, бирин колуна көтөрүп, дагы бирөөнү жетелеп эшиктеги дөңгө отуруп алып, жомок десе чынга, чын десе жомокко окшош окуя, аңгеме, эпосторду айтып берчү экен. Алардын бири — "Эр Табылды" эпосу экенин драматургдун өзү эскерген жайы бар. "Чоң энемди Имаш деген иним тили келбей Чоңко эне деп койчу. Аны туурап биз дагы, бизди туурап айылдагы балдар да "чоңко эне" деп чакырышчу. Ошол энебиз жомокторду жана Эр Табылдыны көрүп келгендей, жанында жүргөндөй укмуштуудай айтчу", — деген Жакиев балалыгы тууралуу айтып берип жатып.

 

Белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев экөө 1-класстан 8-класска чейин бир класста, бир партада отурган классташ болушат. Бирок 8-класстан Төлөмүш Океев Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары - ред.) №5 мектеп-интернатында окуп калат.

"7-классты бүткөндөн кийин жайлоодон келсем, Төлөмүш менен дагы бир теңтушубуз Сакен экөө борбордогу №5 интернаттан окуйбуз деп документин жиберишиптир. Мени да "жүрү" дешкенден документимди Сакенден берип жибердик. Ошентип, 30-августта экзамен берип өтүп кетишти, мен ал күнү барбай калып окубай калдым. Анан "үйгө кантип барам? Эми эл эмне дейт?" — деп сарсанаа болуп Төлөмүш экөөбүз киного баратып тааныш балдарга жолугуп калдык. Алар финансылык техникумга балдар керек экенин айтышкандан, кийин ал жакка барып өтүп кеттим. Ал кезде азыркы орус драма театры турган жерде театр болор эле. Анда операсын да, кыргызча спектаклдерди да коёт экен. Анан күндө келип "Отеллону", "Ажал ордуна", "Алтын кыз", "Запорожец за Дунаем" деген пьеса, операларды көрдүм. Күндө эле бара берген окшойм, бир күнү барсам эле театрдын тегереги жымжырт. "Артисттер күндө эле жыргап оюн коё беришпейби" деп таң калып жатпайымбы. Көрсө, алардын да жумушу кыйын, артисттер да чарчайт экен да. Ошентип 10-сентябрда чоң атам катуу ооруп жаткандыгы тууралуу телеграмма келди. Мен дароо эле даярданып Балыкчыга бир конуп жетип барсам, ал киши соп-соо таш жолдо ат минип кетип бара жатат. Алдап коюшканын дароо түшүндүм. Ачуум келип "кайра кетем" деп чыктым. Бирок эртеси абалды түшүнгөн соң, айылдагы мектепте окуп калдым. Ошол 8-класстан баштап мектепте спектаклдерди коюп баштагам", — дейт маектеринин биринде Жакиев.


 


Фрунзедеги театрдан көрүп келген пьесалардын таасири менен ал мектептен "Ажал ордуна", "Алтын кыз", К.Маликов менен А. Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген драмаларды коёт. "Ажал ордуна" драмасында Искендердин ролун өзү аткарат. Кийин студенттик жылдарында группалаштары менен бирге "Курманбек" драмасын койгон. Мында Курманбек менен калмактын каны Дорунун согушкан жерин сахналаштырат.

 

Анын белгилүү курстташтары: Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбековдор болгон. Алар 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине тапшырып чогуу окушкан, алардын арасында айтылуу адабият таануучу Качкынбай Осмоналиев да болгон. Жалаң дөө-шаалар чогулган топтогу студенттер университеттен адабий ийрим менен драма кружогун уюштурушат. Алар ар кандай драма, спектаклдерди коюп, айылдарды кыдырган да учурлары болгон экен.


Адабий байлыктары. Б.Жакиевдин драмаларынын көбү адам турмушунун көйгөйлөрүнө арналган. 1964-жылы "Миң Кыял", 1967-жылы "Алтын аяк", 1972-жылы "Өкүм", 1975-жылы "Эртең - жаңы жыл", 1979-жылы "Жолугушуу", 1981-жылы "Күттүргөн жаз да келер", 1982-жылы "Саадак какты", 1989-жылы "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", 1990-жылы "Жаза" жана башка драмалары жарык көргөн. Ушул кезге чейин актуалдуулугун жоготпогон "Атанын тагдыры" драмасы боюнча опера (Гусев) жазылса, "Саадак какты" драмасы боюнча балет (Жумабаев) коюлган. Анын кээ бир чыгармалары казак, якут, орус жана башка тилдерге которулуу менен чет өлкөлөрдөгү театрларда да коюлуп жүрөт.


 


Жазуучунун үй-бүлөсү. Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова экөө 65 жылдай бирге өмүр сүрүп келишет. Алар эки уул, бир кызды тарбиялап, тууруна кондурушкан. Кызы Гүлмира Жакиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин деканы болуп эмгектенет.



Жакиевдин жашоодогу мүнөзү. Жасалмалуулук анын эң жаман көргөн сапаты. Ал чындыкты ар убак таамай сүйлөп, калыс болгонду жактырчу. Коомдук саясий окуяларга карата өзүнүн баасын адилет айтып, ак сүйлөгөндүгү үчүн коомчулук арасында кадыр баркка ээ болгон. Дал ушул табият тартуулаган таланты менен кошо мыкты сапаттары менен Бексултан Жакиев элдин сүймөнчүлгүнө татыктуу эле. Себеби кыргыз маданияты жана искусствосун өзүнүн кайталангыс чыгармалары менен байытты.

Анын талантын, адамкерчилигин жаш, кары дебей баары сыйлап баалашчу. Улуттук драматургияга ачылыш жасаган улуу драматургду кандай мактаса да жарашчу, дешет замандаштары.


2016-жылы Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан. Ал киши мындай чечимин өсүп келе жаткан муунду туура багытка тарбиялоо башкы маселеге айланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, той-мааракелерге кетүүчү каражатты маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо керектигин билдирген.

Ошентсе да анын артында эч качан өмүрү түгөнгүс чыгармалары, театрда жана тасмаларда калган спектакльдери, өрнөктүү тарбиялары, акыл кептери, ошондой эле сыйлык наамдары эстеликке кала берди. 

Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы берилген. Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз эл баатыры наамы ыйгарылган.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду