Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Бекзат Эргешов бокс боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты

28.03.2024 17:33
992
Бекзат Эргешов бокс боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты


Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Эргешов Ф.К.Салмановдун жаркын элесине арналган “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турнирдин финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, Россиянын Нижневартовск шаарында өтүп жаткан мелдеш 25-мартта башталган 29-мартта жыйынтыкталат.

Бекзат Эргешов 51 кг чейинки салмакта катышууда. Жарым финалдык беттешинде россиялык Александр Бушукинди жеңди. Ал эми, алтын медаль үчүн россиялык мушкер Нагапетян Артур менен күч сынашат.

Финалдык беттештер 29-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн