Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Беларусиядан коронавирус менен күрөшүү үчүн 5,4 тонна дары-дармек келет

18.07.2020 09:28
1173
Беларусиядан коронавирус менен күрөшүү үчүн 5,4 тонна дары-дармек келет

Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минск шаарынан (Беларусь Республикасы) премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилет. 

Бул аркылуу кыргы өкмөтү жогору болуп жаткан суроо-талапты канааттандыруу максатында ата мекендик фармацевтикалык компанияларга дары каражаттарын алып келүүгө көмөк көрсөттү. Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн