Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Беларуссияда өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште кыргызстандыктар 6 медаль утту

09.03.2021 17:49
638
Беларуссияда өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште кыргызстандыктар 6 медаль утту


Кадеттер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Беларустагы мелдеште 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-7-март күндөрү Минск шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 6 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңишти:

Узундука секирүү боюнча:

Алтын – Светлана Майер (5.17);

Чуркоо боюнча:

Алтын – Калыс Таштанов, 1500 метр аралыкта (4:27.7);

Күмүш – Анастасия Бондаренко, 60 метр аралыкта (7.8);

Коло – Калыс Таштанов, 800 метр аралыкта (2.05,8);

Коло – Анастасия Бондаренко, 200 метр аралыкта (26.3);

Коло – Артем Слесаренко, тоскоолдуктар менен 60 метрге чуркоо (8.4).

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн