Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:39
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Беларуста ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен машыгуусу аяктады

07.09.2023 09:49
414
Беларуста ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен машыгуусу аяктады


Беларустун аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Күжүрмөн боордоштук-2023" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экинчи этаптын жүрүшүндө "Өз ара аракеттенүү-2023", "Издөө-2023", "Эшелон-2023" жана "Барьер-2023" машыгуулары өткөрүлдү.

Биргелешкен операцияны өткөрүү иш-аракеттеринин аягында жабылуу аземи болуп, анда биргелешкен машыгуу учурунда коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарган мыкты аскер кызматчылары сыйланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн