Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Беларустан жана бир катар өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандары кайтып келди

03.08.2020 10:25
1162
Беларустан жана бир катар өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандары кайтып келди


Бүгүн, 3-августта «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын Минск—Бишкек каттамы менен Беларусь Республикасынан Кыргызстандын 137 жараны учуп келди. 


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүнөн КР жарандарын кайтаруу максатында Европа өлкөлөрүндөгү чет элдик мекемелери менен биргеликте Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан түзүлгөн. 


Бул каттам менен Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде Украинадан, Беларустан, Австриядан, Улуу Британиядан, Германиядан, Литвадан, Италиядан, Польшадан, Швециядан, Финляндиядан студенттер бар. 


Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелерине буга чейин берилген арыздар боюнча калыптанган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн