Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Беларустун бажысында топтолуп турган унааларды өткөрүү макулдашылды

31.03.2023 15:01
293
Беларустун бажысында топтолуп турган унааларды өткөрүү макулдашылды

Бүгүн, 31-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский телефон аркылуу сүйлөштү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Беларустун бажысында Кыргызстанга бара жаткан унаалардын топтолушу талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар топтолгон унаалардын тездетилген өтүүсү боюнча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Эске салсак, ЖМКлар 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанга ташылып келе жаткан унааларды ташыган вагондор жана автоташуучулар Беларуста кармалып жаткандыгы тууралуу билдирген айдоочулардын маалыматтарын жазышкан. Анда Кыргызстанга алынып келе жаткан 500дөй унаа эч кандай себепсиз эле кармалып тургандыгы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн