Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген Жек Мага гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

13.04.2020 17:53
1063
Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген Жек Мага гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди


Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген кытайлык ишкер Жек Мага гуманитардык жардам бергени үчүн Instagram баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирди.

 

Казак ырчысы кытайлык миллиардерди ак жүрөк киши деп баалаган.


“Чынында эле, дээрлик дүйнөнүн бардык элине жардам берген, ак жүрөк киши. Бүгүнкү күндө Азия, Европа, Түндүк Америка, Латын Америка жана Африкага жардам берүүдө.


Менин өлкөмдү алардын катарына кошконуң үчүн ырахмат, Жек Ма ага! Булардын баары бүткөндө биз майрамдарда жана концерттерде көрүшөбүз деп үмүт кылам”, - деп билдирүү калтырган.


Эске салсак, кытайлык ишкер Кыргызстанга да гуманитардык жардамын жөнөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн