Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кытайлык миллиардер Жек Манын гуманитардык жардамы Кыргызстанга келди

10.04.2020 14:23
1157
Кытайлык миллиардер Жек Манын гуманитардык жардамы Кыргызстанга келди


«Алибаба» жана «Жек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти, деп маалымдайт республикалык штабдын басма сөз кызматы.


Бүгүн, 10-апрелде эл аралык "Манас" аэропорту Кытайдан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алды.


Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Жек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң доллар) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.


Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.


Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде “Алибаба" жана "Жек Ма" фонддору аркылуу жүргүзүлгөн. 


Эскерте кетсек, буга чейин   аталган компаниялардын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү Кытайлык миллиардер Жек Ма Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн кабарлаган эле. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн