Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов каза болду

29.04.2020 20:40
2348
Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов каза болду


Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов каза болду.  Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. 


 “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин эмгек жамааты акындын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.


Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде КТРКнын радио тармагында "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.


"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) аттуу бир нече ыр жыйнактарынын автору.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жыпар
Эмне болду.жакшы таанычу элем.Арты кайрылуу болсун.