Белгилүү театр жана кино актеру, КРнын эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында каза болду. Бул тууралуу кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров билдирди.
Актёр буга чейин ооруп жүргөн. Залкар талант бүгүн, 9-июнда каза болгон.
Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал бир катар тасмаларда, ошондой эле Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн