Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Белгилүү хирург Эрнст Акрамов 84 жашта. Дарыгер тууралуу кызыктуу 10 факт

24.06.2020 10:00
1970
Белгилүү хирург Эрнст Акрамов 84 жашта. Дарыгер тууралуу кызыктуу 10 факт


Белгилүү хирург, эмгек сиңирген дарыгер, медицина илимдеринин доктору, профессор жана Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов бүгүн 84 жашта. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги дарыгер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.


1) Эрнст Акрамов 1936-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ушул эле шаардагы №10 орто мектебин бүтүргөн. 


2) 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, эмгек жолун №2 шаардык клиникалык бейтапканада дарыгер-хирург болуп иштөөдөн баштаган. 


3) 1971-1975-жылдары Республикалык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө ординатор, №2 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген; 


4) 1975-1980-жылдары Кыргыз медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын ассистенти, доценти болгон; 


5) 1981-1992-жылдары Республикалык клиникалык бейтапкананын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеген. 1992-жылдан тарта Чүй облустук бейтапкананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.


6) 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болсо, 1998-жылы тарапташтары менен "Менин өлкөм" партиясын негиздеген;


7) 2000-жылы  Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кийинчерээк мандаттан баш тарткан;


8) 2007-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп келген. Депутаттык менен дарыгерликти чогуу алып барган.


9) Дүйнө медицинасына кошкон салымы үчүн Россиянын коомдук сыйлыктар боюнча улуттук комитетинин Н.Пироговдун ордени, Кыргызстандын баатыры, Эл достугу университетинин ардактуу профессору болгон. 


10) Дүйнөдөгү уникалдуу операцияларды жасаган. Медицина илимдеринин 20га чукул докторлору менен кандидаттарын даярдаган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн