Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, композитор Тургуналы Нурматов дүйнөдөн кайтты. Мындай маалыматты анын жакындары ырастады.
Белгилей кетсек, Тургуналы Нурматов 1955-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында төрөлгөн. Ал "Кыргызымдын жигиттери", "Той ыры", "Жымыңдайт жылдыз" аттуу обондору менен калың журтка таанылган.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн