Англиянын “Тоттенхэм” командасынын башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо карантинде улгайган адамдарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Моуриньо Лондондогу "Age UK" кайрымдуулук уюмуна кошулган, жана күнүмдүк турмушта колдонулучу азык-түлүктөрдү жеткирүүдө.
Эске салсак, футбол боюнча Англиянын чемпиондугу пандемиядан улам 30-апрелге чейин токтотулган.
Жозе Моуриньо машыктыруучу катары Португалиянын, Англиянын, Испаниянын жана Италиянын чемпиону атыккан. Ошондой эле, 2010-жылы Италиянын "Интернационале" командасы менен чемпиондор лигасын уткан.
Пикирлер (1)