Казакстандын Шымкент шаарында белгисиз адамдар кызды көп кабаттуу үйдүн алдынан уурдап кетип жатканы тасмага түшүп калган. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.
Видеодон байкалгандай, кыздын жардам сурап кыйкырып жатканы угулуп турат.
Окуя көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Эки адам кызды күч менен унаага салып, белгисиз тарапка айдап кетишкен.
Милиция адам уурдагандарды издеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн