Бишкекте Байтик Баатыр менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде аял көчөдө каза болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 40 жаштагы аял кулап түшкөн. Өтүп бараткан адамдар тез жардам кызматын чакырышкан. Тез жардам кызматы билдиргендей, келген дарыгерлер аны жандандырууга аракет кылышкан, бирок ага жардам бере алышкан эмес. Аял кулаган жерде каза болду.
Өлүмдүн себеби жана каза болгон адамдын өздүгү тактала элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн