Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 12:12
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Бельгия Палестинаны мамлекет катары тааныды

23.09.2025 09:27
19
Бельгия Палестинаны мамлекет катары тааныды


Бельгия расмий түрдө Палестинанын мамлекеттүүлүгүн тааныган өлкөлөрдүн катарына кошулду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында өлкөнүн премьер-министри Барт Де Вевер билдиргенин, Коммерсант жазды.


Маалыматка ылайык, премьер-министрдин айтымында, Бельгия ар дайым “эки мамлекет” принцибин колдоп келген жана бүгүн Нью-Йорк декларациясына кошулду. “Ушундай чечим гана Израил менен Палестина элине тынчтыкта жана коопсуздукта жашоого шарт түзөт”,— деди ал.


Белгилей кетсек, 21-сентябрда Улуу Британия, Канада, Австралия жана күн мурун Португалия менен Францияда да Палестинаны өлкө катары тааныгандыгын жарыялашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн