2-июнда Минск-Бишкек каттамы боюнча 179 кыргызстандык Белоруссиядан учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, чартердик каттам менен Австрия, Армения, Белоруссия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланды, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядан 179 Кыргыз жараны кайтып келди.
Эми алар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген медициналык процедуралардан өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн