Бугу 18, 2024
Убакыт: 00:58
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Белорусиядан 150 миң ПЧР тест алынып келинет

13.05.2020 10:53
966
Белорусиядан 150 миң ПЧР тест алынып келинет


Белорусиядан 150 миң ПЧР тест сатып алынып келинет. Бул тууралуу 13-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында, Түркия, Россия жана Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ПЧР тесттер массалык анализ алууга жетпейт.


"Бүгүнкү күндө Белорусиядан дагы 150 миң ПЧР тест толук комплектиси менен сатып алынып келинет. Бул албетте чоң өлчөмдө көрүнүүсү мүмкүн, бирок бүгүнкү күндө эл арасында лабороториялык тестирлөөнүн санын көбөйтүп жатабыз. Биз изилдөөлөрдү уланта беребиз. Мындан сырткары ПЧР тестти гуманитардык жардам катары бере тургандарды да издейбиз”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн