Апрель айында Белоруссия Россиядан бир баррелин 4 доллардан 2 млн тонна мунайды сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Сергей Румас маалымдады.
Өкмөт башчысы баанын мындай төмөндөшү Белоруссия президенти Александр Лукашенконун Россиядан мунайды так жана улам-улам пермиясы жок алгандыгына байланыштуу экендиги менен түшүндүрдү.
“Мындай позициянын жыйынтыгында аныкталган баа боюнча биз мунайды Россия Федерациясынан 1 баррелин 4 доллардан сатып алууну көздөп жатабыз”, - деп түшүндүрдү Румас.
Премьер-министрдин айтымында, «Белнефтехим» апрелдин келээрки бейшембисинде россиялык компаниялар менен мунайды ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аякташы керек.
Булак: РБК
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн