Чүй облусунун Беловодское айылында бетон заводун куруу маселеси каралды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 30-июнда Москва райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Беловодское айылынын Ленин көчөсүнө бетон заводун куруу маселеси каралды.
Маалым болгондой, Шаар куруу кеңешинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтардан жазуу жүзүндө макулдуктар алынгандан кийин, бетон даярдоо заводунун курулушун баштоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн