Экономика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 7 сомдон 15 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирип чыкты. Аталган министрликтин жетекчисинин кеңешчиси Нургүл Акимованын айтымында Кыргызстанда «Евро 5»тен төмөнкү класстагы бензинди сатууга тыюу салуу өткөн жылдын август айында киргизилген. Эми ошол чектөөлөргө байланыштуу бензиндин баасы 15 сомго чейин кымбатташы божомолдонуп жатат.
Албетте, күйүүчү-майлоочу майдын сапатын жакшыртуу туура маселе. Бирок, Кыргызстанда азыр деле сатылып жаткан бензиндин сапаттары текшерилип жатканынан күмөнүбүз бар. Бензин куючу жайлардагы (заправкалардагы) А-92, А-95 маркасындагы бензиндердин сапаттары ар кайсыл жерде ар башка. Ал эми көчө бойлорунда желим бөтөлкөлөргө куюлуп сатылып жаткан бензиндин маркасы кандай экенин билип болбойт. Мына ушунун өзү бизде бензиндин сапатын текшерүү, көзөмөлдөө иши жетиштүү жүрбөй келатканын билдирет.
Экинчи жагынан бензиндин баасы көтөрүлсө, ага байланыштуу бардык азык-түлүктүн баасы да көтөрүлө турганын буга чейинки практикадан билебиз. Бензиндин баасы 15 сомго чейин көтөрүлө электе эле базарларда, соода борборлорунда азык-түлүк баалары кескин кымбаттады. Мисалы, мурда 70-80 сомдон сатылып келген семичке майы азыр 120-150 сомго чыкты. Эттин баасы 320 сомдон 450 сомго көтөрүлдү. Ундун, шекердин, күрүчтүн баалары өстү. Октябрь айында болуп өткөн тополоңдун шарынан улам азык-түлүктүн баасынын мындай кескин көтөрүлүп кеткенине олуттуу көңүл бурулбай калды. Анан дагы бензиндин баасы экономика министрлиги билдирүү жасай электе эле бери жагы 3-4 сомго көтөрүлүп алганын кошумчалай кетиш керек. Ноябрь айында эле заправкаларда 31-32 сом болуп жаткан А-92 маркасындагы бензиндин баасы азыр 35 сомдон жогору турат.
Өткөн жылдын апрель айынан тарта коронавирус пандемиясынан улам туруктуу ишин жоготкондор бар. Соода-сатык да мурдагыдай болбой, өлкөбүздөгү тигүү цехтеринин иши да токтоп турат. Анын натыйжасында миңдеген адамдар жумушсуз калды. Башка өндүрүш тармактарында эле ушул сыяктуу көрүнүш. Анча-мынча сактап жүргөн запас акчаларын жеп-ичип коюп, эми эмне кыларын билбей карайлап турган мекендештерибиз арбын.
Ушундай кырдаалда күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 15 сомго кымбаттап, анын арты менен азык-түлүк баасы асман чапчыса карапайым элдин жашоосу кантет? Азыр эле бензиндин баасы 35 сомдон жогору, эгер дагы 15 сомго кымбаттаса, демек 50 сомдон ашат. Ошондо ансыз да 120-130 сом болуп турган семичке майынын литри 200 сомду чапчып калбайбы? Ундун баасы мүшөгүнө 3000 сом болуп, эттин килограммы 600-700 сом болуп кетсе эмне кылабыз?
10-январдагы президенттик шайлоодо ким утуп келсе дагы, анын биринчи кезекте чечиши керек болгон маселеси дал ушул азык-түлүк коопсуздугу, анын баасын карапайым элдин жашоо деңгээлине жараша кармоо болуп саналат. Демек, жаңы президентти алдыда өтө оор сыноолор күтүп турат. Ал бийликти колуна алгандан кийин аз дегенде бир жыл бою күндүз тынымы жок, түнкү уйкусу да тынч болбошу керек. Себеби, коронавирус пандемиясы, ага кошул-ташыл октябрь тополоңу өлкө бюджетинин биротоло какшып калышына себепкер болду. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы, социалдык төлөмдөр үчүн Россия Кыргызстанга 20 миллион доллар жардам көрсөтүп жатканы эле биздин ороого отуруп калганыбызды түшүндүрүп турат. Ай сайын бизге мындай жардамды чет мамлекеттер жасай бербейт. Эгер ошондой жардамды эле күтүп отура берсек, анда көз карандысыздыгыбызга биротоло шек кетет. Демек, өлкө экономикасын канткенде эртерээк оңолуу жолуна сала алабыз деген суроо жаңы президенттин ишинин башталышындагы башкы суроосу болушу шарт.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетин 8 миллиард сомдон ашуун дефицит менен кабыл алганы белгилүү. Бул жылы жалпы киреше 172,9 млрд сом, ал эми чыгаша 181,3 млрд сом деп бекитилген. Өкмөт жалпы кирешенин 90 млрд сомун салыктан, 52 миллиардын бажы кызматынан түшөт деп божомолдоду. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин пандемиянын айынан бир топ ишканалар ишин толук кандуу жүргүзө элек. Мамлекеттик чек аралар да толук кандуу ачылбай турат. Мунун өзү өкмөт күтүп жаткан салык жана бажы төлөмдөрүнүн алдаканча аз болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүрөт. Демек, бюджеттин дефицити дагы чоңоет. Бул жагдай дагы жаңы президенттин дараметин сынайт.
Булардан сырткары тышкы карыздарды төлөө мөөнөтү келип калды. Болгондо да ири суммада. Коронавирус пандемиясы али токтой элек. Саясий кырдаал да тынч эмес. Ушунун баарына чыдап, Кыргызстанды туңгуюктан сууруп чыга аларына көзү жеткен гана талапкердин бийликке келгени оң. Эгерде бул жолу чечкинсиз, сөзү өтүмдүү эмес, иштин көзү билбеген адам бийлик башына келсе, анда түпсүз туңгуюкка биротоло түшүп кетчүдөй абалдабыз.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (2)