Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бензиндин кескин кымбатташы. Күйүүчү майга болгон баа дагы кымбатташы мүмкүн

23.08.2023 15:11
722
Бензиндин кескин кымбатташы. Күйүүчү майга болгон баа дагы кымбатташы мүмкүн


Август айында Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майдын дүң баасы 140 долларга жетти. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.


Анын айтымында, мындай кымбаттоо Казакстан менен чек арада 1 тонна күйүүчү майдын баасы 800 доллардан ашат дегенди билдирет. Анын үстүнө бензин эле эмес, дизель майы да кымбаттап жатат.


«Бардык көйгөй сатуулардагы баадан келип чыгууда. Мындай кымбаттоо менен күйүүчү-майлоочу майдын литри 10 сомго кымбатташы керек. Албетте, бааны мынчалык эч ким көтөрбөйт. Нефтетрейдерлер эки жумалык күйүүчү-майлоочу май менен камсыздалган. Бул аралыкта дүң баалар өзгөрбөсө, анда акырындап көтөрүүгө туура келет”,-дейт Канат Эшатов.


Эске салсак, бүгүн кыргызстандыктар бензиндин баасы кескин жогорулаганын байкашкан. АИ-95 өзгөчө кымбаттады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн