“Титаниктин” каармандары бизге караганда алда канча асыл адамдар белем, асыл адамдар! Эмне үчүн? Бизди балдарыбыз ошондой эс алууга жиберсе, “Кудайым, ушунуңа шүгүр, ушундай ырыскыңдан дагы бер, дагы мол бер” деп корстон боло койколоктоп болбой калмакпыз тимеле! Матисаковдун каарманы Жунус аба болсо, мындай эс алганына шүгүрчүлүк да келтирип, ошол эле кезде мындай эс алуудан алда канча артык, алда канча ырахаттуу, алда канча сооптуу “эс алуу” бар экендигин жеке көкүрөгү, жалпы жандүйнөсү менен сезип-туюп, ошону көксөп турат. Ал – мусулмандын ажылык асыл милдетин аткаруу!
Биз ата-энебизди ошондой эс алууга жиберсек, ойду омкоруп, тоону томкоруп салгандай рекламаламакпыз. “Жетет го ушул, кийин да башка жагына жиберербиз” деген кыязда токпейил тартмакпыз. Мунарбек болсо ата-энесинин башкы каалоосун айттырбай сезип-туюп, ошонун аракетинде: “Ата, апам экөөңөрдү шу жерден Меккеге өзүм узатам, ага чейин паспортуңарды жаңылайлы. Өткөндө карасам мөөнөтү бүтүп баратыптыр...”.
Биз Зуурадай чет өлкөдө жаркылдап иштеп, бирок ичинен сызган, ичинен кемиген кыргыз кыздарын көп эле көрүп жүрөбүз. Тилекке каршы, Жунус аба менен Айымпаша ападай аларга жүрөгүбүздү айныксыз ачып, ансайын жабыз боло албадык.
Дагы бир баса белгилей турган жагдай бар. Бутуна туруп баса албаган, төрт дөңгөлөк кол арабада түрттүрүп жүргөн адамга суктанууга болобу деги? Албетте, турмуш чындыгынан алып караганда, “жок” деген жообубуз даяр. Көрсө, төрт дөңгөлөк кол арабада түрттүрүп жүргөн адамга да суктанууга болот экен. Муну “Титаник” аңгемесинде Абдиламит Матисаков өтө чебер чагылдырат. Энелик милдетин эң сонун аткарып, алтургай балдардын атасы көз жумгандан кийин дагы ата ордун аткарып, жетилткен энеси азабы мол турмуштан өз аягына таканчыктап кадам шилтей албай – касалман болуп калган кезде өз уулу энесин кол арабага салып алып, Меккеге түртүп баратса, дегеле ага суктанбай коё албайт экенсиң-ов! Бул суктануу, аңгеменин атынын “Титаник” коюлушу, отелдин Титаникке окшоштугу, Жунус аба түшүндө көргөн нерсе – Зуураны алган бойдон Титаниктин деңиз жиреп башка жакка кетип аткандыгы – олуттуу философиялык маанилерди камтыйт. “Бери бурул, Зууранын “Титаниги?!” деп кыйкырып жибере турган акыбалга жетесиң. Тилекке каршы, Титаник белгисиз жакка кетет. Титаник кырсыктын символу экендигин туюнган бойдон окурман жүрөгү сыздап кала берет.
Абдиламит Матисаков кандай гана кабылуу, кандай гана кылдат калемгер! Анталияны арыдан-бери кыргыз айылы жыттантканын карагыла: “Арча жыты терезенин ары жагындагы мунарыкта мейкини билинбей чалкыган Ак деңизди кошо каптап кеткенсиди... Ак деңиздин боюн көздөй бирин-серин чубаган элдин сабында экөө көнгөн адатынча, тойдон келатышкандай, биринин изине бири түшүп, өткөн-кеткендин кылчак-кылчак караганын көрмөксөнгө салып ээрчишип келатышты...”.
Сөз соңунда бир нерсени айткым келет. Бул “Титаник” аңгемеси жазылганга чейин жазылган менин “Калемдеш агам Абдиламит Матисаковго” деген ырым бар. Ырдын параметрлерине ушул аңгеме дагы толук туура келгенине сүйүнүп отурам. Маселен, Матисаковдун тили, насили жөнүндө, бул жааттагы автордун чеберчилиги боюнча төмөнкү эки түрмөк алдын ала айтып койгондой:
Биз жашаган жерде сиз жашап туруп,
бир жактарга кеткендей адаштырып –
башкача бир сөздөр таап балгын, ширин,
бар насилди тиздиңиз акак кылып!
Биз жашаган доордо сиз жашап туруп,
бир жактарга тозгондой адаштырып –
башкача бир ыйман таап басмырт, мөлтүр,
бар санатты тиздиңиз акак кылып!
Аңгемедеги Жунус абанын образы мынакей:
Бир кертими дайранын – сакалында,
бир кертими тоо-таштын – макалында:
карыянын, элеттик карыянын
касиет-сыр каргып тур кадамында.
Айымпаша апанын образы бул түрмөктө:
Балдарына бергендей деңиз кертип,
байбиче жүр чөлкөмүн бейиштентип.
Ыйбаа жакка ылдыйлап... бели ийилүү...
ымыркайды энеси эмизгенсип...
Мунарбектин, Зууранын, Мунарбектин досунун элестерин чагылдырганды да унутпапмын:
Ахлак менен аруулап өрт өмүрдө,
аяр сүйлөйт жигит, кыз көркөм үндө.
Үйлөп отту тамызып... жалындатып...
үйдө тургай, алып жүр чөнтөгүндө.
Ал эми “Титаник” аңгемесинин авторуна – асыл агам Абдиламит Матисаковго ырдын автору катары менин алдын ала берген поэтикалык баам бул экен:
Каны-демин каптатса учур эгер,
калем деген – калайман куту белем!
Жазып келе жатасыз, эптүү кармап,
жараланган жүрөктүн учу менен.
Жараланган жүрөктүн учу менен...
Бар болуңуз, урматтуу Абдиламит аке. Башка бир аңгемеңизде Жунус абанын түшүндөгү “Титаникти” кайра бери буруп, пешенебизге апкелерсиз...
Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн