Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Берлинде кыргыз-герман мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

10.11.2023 11:19
270
Берлинде кыргыз-герман мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды


КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Германиянын Федералдык канцлеринин Аппаратынын Борбордук, Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү менен эки тараптуу байланыштар бөлүмүнүн башчысы Александр Валлау менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Берлин шаарында өткөн.

Жолугушууда кыргыз-герман мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланып, аймактык кызматташтыктын жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашылды.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсү байкалып жатканына канааттануусун билдирип, муну эки өлкөнүн ортосундагы бир катар өз ара сапарлар жана иш-чаралар тастыктап, ошондой эле 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында Германиянын Өкмөтүнүн демилгеси менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн «Германия - Борбордук Азия» саммити ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Айбек Молдогазиев өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары активдештирүү үчүн эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду улантуунун жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Александр Валлау кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин оң баалап, герман тарап «жашыл» экономика, энергетика, логистика, жаратылыш ресурстары чөйрөлөрүндө кызматташуу боюнча мамилелерди активдештирүүгө, ошондой эле Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды тартууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн