Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Берлиндин 41 мектеби коронавирустун очогу деп табылды

25.08.2020 15:00
817
Берлиндин 41 мектеби коронавирустун очогу деп табылды


Германияда мектептер коронавирус таркаган очокко айланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Германияда окуучулар эки жума мурда мектепке бара баштаган. Берлиндеги 825 мектептин ичинен 41 мектепте ооруну жуктуруп алуу учурлары катталган.


“Мында бардык жаштагы балдар – башталгыч мектептен бүтүрүүчү класстарга чейин, ооруган. Жүздөгөн окуучу менен мугалимдер карантинге жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.


Мектептердин ачылышына байланышкан ооруну жуктуруунун жаңы очоктору тууралуу АКШнын бир катар штаттарынын бийликтери жана Израилдин билим берүү министрлиги кабарлаган.


Ал эми Францияда мектептер бир жумадан кийин ачылып, 11 жаштан улуу балдар билим берүү мекемесинде милдеттүү түрдө беткап тагынууга милдеттендирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн