Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Беш айдын жыйынтыгында тышкы сооданын көлөмү 45%га өскөн

14.07.2022 11:06
783
Беш айдын жыйынтыгында тышкы сооданын көлөмү 45%га өскөн


2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын көлөмү 3,9 млрд долларды түзүп, 45%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин төрагалыгы алдында өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, экспорт 707,8 млн долларды түзүп, 4%га кыскарды, анын ичинде ЕАЭС мамлекеттерине 49,7%га өстү.

"Импорт 3,2 млрд долларды түзүп, 63,2% өстү", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн