Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Беш жыл көп. Мектеп директорлору менен түзүлгөн келишимдин шарттары өзгөрөт

06.09.2023 15:17
677
Беш жыл көп. Мектеп директорлору менен түзүлгөн келишимдин шарттары өзгөрөт


Мектеп директорлору менен түзүлгөн келишимдин шарттары өзгөрөт. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 6-сентябрда мектеп директорлоруна сүйлөп жатып билдирди.


Учурдагы мектеп директорлору сынактын негизинде беш жылга дайындалат. Каныбек Иманалиев беш жыл өтө эле көп деп эсептейт. Анын айтымында, жумушка орношуу шарттарында эки жылдын ичинде жаңы жетекчилер жыйынтыктарды көрсөтүшү керек: ЖРТда бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктарын жогорулатуу, «Алтын тамга» тестирлөө. Болбосо алар менен түзүлгөн келишим эки жылдан кийин бузулуп, бош орунга жаңы сынак дайындалат.


"Директорлор беш жылга дайындалат, бирок балдарда директор мектепте бир нерсени өзгөртүшүн күтүүгө убакыт жетпейт. Андыктан биз жумушка алуу шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек", - деди министр.


Анын айтымында, учурда бул маселе Билим берүү министрлигинде каралып жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аруу
Эн туура!