Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Беш жылга өлчөнүп сатылган келечек

25.06.2020 10:25
1216
Беш жылга өлчөнүп сатылган келечек


Ушул жылдын октябрь айында мамлекет тагдырын чечүүчү парламенттик шайлоонун өтөөрү күтүлүүдө. Ага катышууну каалаган партиялардын туяктары эмитеден эле тыбырап турат. Парламенттеги 120 депутаттын жарымысынан көбү жыйындарга катышууну токтотуп, шайлоочуларынын алдына жетип барууну биринчи планга кое башташты. 


Жеңишке карай ишенимдүү кадам таштоо пландары менен турган жалаң олигархтардан куралган партиялар бар. Анан дагы капчыгы жука болгонуна байланыштуу «акчалуулар болсо кошулат элем» деп туш тарабын элеңдеп карап тургандары да бар. Беш жыл мурун шайлоочуларынын алдында берген убадаларынын 10%ын да аткара албай коюп, кайра эле жаңы убадаларды даярдап жаткандар стартта турат. Бир казанда кайнашы мүмкүн болбогон либерал-демократтар менен социалисттер да бир партиянын алдынан «түтүн булатып» жиберишти. Айтор, шайлоонун шаңы билинип калды. 


Анан албетте пиар кампаниясы да жүрө баштады. Бириккен партиялар өздөрүнө кызмат кылууга макулдашкан маалымат каражаттары аркылуу «Биз өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн биригүүгө бардык» деген «жалындуу» сөздөрүн айтууга киришти. Мындай сөздөргө ишенүүнүн өзү да, ишендирем деп ойлоо да келесоолук. Себеби, эгерде алар өлкө кызыкчылыгын ойлоп биригишкен болсо, анда так шайлоонун алдында гана бул кадамды жасашпайт эле. Мамлекеттин кызыкчылыгы шайлоонун алдында гана эмес, дайыма керек. Ал эми саясий партиялар үчүн ушул сөздү айтып коюнун өзү гана маанилүү, өлкө кызыкчылыгынын өзү өтө деле мааниге ээ эмес. Буга чейинки шайлоолордун алдында да ушул сөздү баса белгилеп айтып бириккендер көп болгон. Бирок, алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин эле ит-мышыктай ырылдашып калганын көп көрбөдүкпү.  


Бир жаңылыш баскан изин кайра-кайра эле кайталап баса берген адам – оңолгусу келбеген адам. Бул сөз шайлоочулардын безине тийиши керек. Ал эми шайлануучулар кайра-кайра жаңылбайт, алар кайра-кайра алдай гана алат. Балким ошол нерсе аларга ырахат тартуулайт. Осол болсо да айтып коелу, сулуу кыздардын артынан жүгүрүп, бал тилин салып жүрүп, анан акыры «бир жолку» максатын ишке ашырып алган соң куйругун түйгөн «Дон Жуандар» болот эмеспи. Парламенттик шайлоонун алдындагы убаданы ойлонбой берген партиялар да дал ошолор сыяктуу болот. Алар парламентке өтүп алса болду, баягы жалпаңдаган, таттуу убадаларды берген, жылуу-жумшак сүйлөгөн талапкерлерден дароо манчыркаган депутаттарга айланып калат. 


Демек, алдыда ойлоно турган учур турат. 1990-жылдардын башынан бери карай эле убадаларга, ар кандай биригүүлөргө алданып келатабыз. Шайлоолордун алдында өлкө келечегин туптуура беш жылга өлчөп туруп, 1000-2000 сомго сатып жиберип жатканыбызды биле баштадык. Олигархтар басымдуулук кылган парламент кандай боло турганын көрдүк. Тизмедеги алдыңкы орундарын 300-500 миң АКШ долларына баалап сатып, партиясын бизнеске айлантып жиберген карт саясатчыларды билдик. Тар чөйрөдө жердешчиликке басым жасап «Биз тараптан башчы болуш керек» деп, эл алдында «элди бөлүп-жаргандар эл душмандары» дегендерди да көрдүк. Айтор, азыркы тапта парламентке келгиси келип жаткандардын көпчүлүгүг жүздөрү ачылган. Ошонун баарын билип туруп, кайрадан алдана турган болсок, анда «өзүм гана күнөөлүүмүн» дешибиз керек. Же болбосо, өлкө келечегин ар беш жылга өлчөп сатууну токтотуп, таза, билимдүү, маданияттуу, кесипкөй жаңы муундун парламентке келишине жол ачалы.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн