Түркиянын “Бешикташ” клубунун оюнчулары тизелеп туруп АКШда каза болгон афроамерикалык Жорж Флойдду эскеришти. Бул тууралуу команда видеону инстаграм баракчасына жүктөдү.
Стамбулдук команданын оюнчулары футбол аянтынын борбордук чийиминин ичине тизелеп туруп, маркумдун ысымынын баш тамгалары G жана F тамгаларын түшүргөн.
“Биз акыйкаттык үчүн күрөшөбүз. Кара денелүүлөрдүн өмүрү биз үчүн жогоруу турат”, - деп “Бешикташ” клубу билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн