Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Беткап кий, той-ашка барба. Колуңу жуу. Какшатпа, - Балбак Түлөбаев

12.07.2020 15:18
1378
Беткап кий, той-ашка барба. Колуңу жуу. Какшатпа, - Балбак Түлөбаев

 

Эми эмне дейм. Көтөргөнүңөр акыркы модель телефон. Сүйлөсөк жалаң сын пикир, имиш. Айтсак ишенбейсиңер. Бир жаман нерсе болсо эле башкасы күнөөлүү. Такыр өзүбүздөн көрбөйбүз.

 

5G деген система биз эмес, өнүккөн көп өлкөгө келе элек. Бүт интернет, телефон антеннанын баарын сындырып, бузуп, талкалап атасыңар. Кудай урбадыбы, эми кайда барабыз? Кичине билгенден же ошол эле көтөрүп жүргөн телефондун ичинде Google деген бар, ошондон сурап койсоңор боло. Айтып какшап атсак укпай атып мына эми ушуга келдик.


Вирус боюнча

 

Өтөөрү өттү. Эми врачтарга кеңешкиле анан дары ичкиле. Жөн эле ар кайсыны иче бербе. Өтүшүп кетип оорлошот анан. Аллах акыл эс берген, “ошону колдонуп жаша деп. Ал айыктырат деп үйдө жата бербе. Эл көп жерде беткап кий, той-ашка барба. Колуңу жуу. Какшатпа. Өзүң үчүн күрөш. Бала чакаң үчүн, сүйгөнүң үчүн.

 

Балбак Түлөбаев, Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн