Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Беткап кийбейм” деп жаткан Дональд Трамп аргасыз баш ийди

20.07.2020 10:20
1063
“Беткап кийбейм” деп жаткан Дональд Трамп аргасыз баш ийди

 

Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШнын элүү штатындагы коомдук жайларда беткап кийип жүрүүнү катуу талап кылышууда. Эрежени сактабагандарга ири суммадагы айып пулдар салынат.

 

Бирок ошентсе да беткап кийип жүрүү дагы деле чоң маселе бойдон калууда. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы лидерлер эл алдына чыкканда беткап кийбей жүргөнү сынга алынууда.

 

Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп калк алдына беткап кийип чыкты. Буга чейин ал "беткап кийбейм" деп айткан эле.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомдук жайларда жана дүкөн сыяктуу имарат ичинде беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо (башкалардан 1,5 метр аралыкта туруу) жана колду улам самындап жууп туруу сыяктуу жөнөкөй кадамдар вирустун жайылышын токтотот деп айтып келүүдө.

 

Дүйнөдөгү вирус жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда, андан кийин Бразилия, үчүнчү орунда Индия туруп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн