Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоо зарылдыгы белгиленди

05.06.2020 15:17
1215
Беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоо зарылдыгы белгиленди


Ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоого көмөктөшүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы

 

Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

 

Белгилүү болгондой, COVID-19 илдетин жуктургандардын бири инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу мүмкүн. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык көзөмөлдөөчү санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

 

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти алат. «Дордой» базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн