Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Себепсиз сейилдеп жүргөндөр коронавирустун экинчи толкунун алып келет

06.05.2020 10:36
970
Себепсиз сейилдеп жүргөндөр коронавирустун экинчи толкунун алып келет


Өзгөчө абал режими кирген аймактарда беткапсыз көчөдө жүргөндөргө айып пул каралган. Бул тууралуу 6-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында коронавирус инфекциясынын жаңы толкуну башталса анда өзгөчө абал режимин узартууга туура келет.


Бишкек шаарында көчөдө сейилдегендер көбөйдү. Мындай учурда коронавирустун экинчи толкуну пайда болот. Мындан улам борбор калаанын тургундарын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген көрсөтмөлөрдү кармоого чакырат элем. Өзгөчө абал кирген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда беткапсыз көчөдө жүргөндөргө айыппул каралган. Ал эми өзгөчө абал алына элек аймактарда көчөдө себепсиз жүргөндөр админстративдик жоопкерчилике, айрым учурларда Кылмыш жоопкерчилигине да тартылат. Социалдык аралыкты сактап, эрежелерди кармануу менен беткаптарды кийип жүрүү керек”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн