Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Беттин териси үчүн кышкы маскалар

29.01.2024 17:00
341
Беттин териси үчүн кышкы маскалар


Төө буурчак маскасы


Ак төө буурчакты таза жууп, бир нече мүнөт сууга чылап, андан соң кайнатып бышырасыз. Вилка менен эзип, ага жарым лимондун ширесин сыгасыз жана бир чай кашык оливка майын кошосуз. Жылуу боткону бетиңизге 20 мүнөт койгон соң салфетка менен аарчып, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска кургак беттерге жакшы. Ал бетти азыктандырат жана агартат.


Япон маскасы


Бул масканы жасоо эң оңой. Ал үчүн балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетиңизге жарым саат коёсуз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Терини тез картаюудан сактоо үчүн бул япон маскасын маал-маалы менен колдонуп туруу зарыл.


Ачытылган капуста маскасы


Ачытылган капустанын жалбырактары беттин терисин тазалайт жана жашартат. Бетиңизге жана мойнуңузга жалбырактарды коюп, 20 мүнөт жатасыз. Масканы алган соң мээлүүн суу менен жууп, азыктандыруучу крем коюу зарыл.

Жумуртканын сарысы менен лимон маскасы

Бир жумуртканын сарысын көбүгүн чыгара чалып, ага бир лимондун ширесин сыгып кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Ката баштаганда дагы бир кабат, андан кийин дагы бир кабат сүйкөйсүз. Масканы жалпысынан 15 мүнөт кармап, андан соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска майлуу беттерге ылайык келет. Бул маскадан кийин бетиңиздин тешикчелери жабыла түшкөнү дароо байкалат. 


Алма маскасы 


Бир алманын кабыгын аарчып, кубик кылып туурап, аны сүткө кайнатуу зарыл. Пайда болгон боткону жылуу калыбында бетиңизге 20 мүнөт коюп, андан соң мээлүүн суу менен чайкап саласыз. 

Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн